23. Жалаң жана жайылма сүйлөмдөрдүн ар бирин өзүнчө ажыра-
тып, кечүрүп жазгыла.
Күн батты. Аба салкын тарта баштады. Эмгек талаасына
көз чаптырып көрөлүчү? Берекелүү күз өзүнүн ырыскысын
элге берип жатканын көрөсүң. Айылдарда түшүм майрамын
өткөрүп жатышат. Эл көп. Улуу-кичүүлөр бар.