Илимий стиль
Илимий стилге илим жана техника тармагында жазылган монографиялар, илимий-популярдуу справочниктер, энциклопедиялар, өндүрүштүк, илимий-техникалык адабияттар, окуу китептери, методикалык колдонмолор, реферат, докладдар, газета-журналдарга жарыяланган илимий макалалар, диссертациялык эмгектер кирет. "Илимий стиль" илим-изилдөө мекемелеринде, окуу жайларында, орто мектептерде, илим менен алектенген бардык чөйрөлөрдө кеңири колдонулат.
Илимий стилде көбүнчө илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуу-адистер, илимпоздор, мугалимдер жазышат. Алар өзүнө чейинки жана ошол учурдагы (изилдеген проблемасына тиешелүү) иштерге сын баа берип, өзүнүн көз карашын билдирип, илимий ой жүгүртүп, атайын ыкмалардын жардамы менен зарыл факты, материалдарды чогултушат. Сыноолорду жүргүзүшөт. Аларды жалпылаштырып, талдоого алышат, системага салышат. Илимий корутунду, жыйынтык чыгарышып, далил, аргументтерди келтиришет. Айрым учурда илимий ачылыштарды жасашат. Илимий стилдин өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:
Жалпылангандык — турмуштун жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн, түшүнүктөрүн аныктоо. Бул максатта абстрактуулукту туюндурган тил каражаттары колдонулат.
Объективдүүлүк — тигил же бул проблеманын чындыкка ылайык келерин ишенимдүү далилдерге таянуу менен аныктоосу. Окумуштуулардын ойлору цитата түрүндө алынат.
Логикалуулук — аныктама, түшүнүк, теориялык жоболор өз табиятына жакын, ырааттуу, системалуу чагылдырылат.
Тактык — илимий стилдеги терминдер так, түшүнүктүү, кыска келет.
Мисалы, Тил — адамдардын өз ара пикир алышуу куралы. Ал — коомдук көрүнүш. Коом өнүксө, тил да өнүгөт. Тил коллективи бөлуктөргө ажыраса, тил диалектилерге бөлүнөт. Диалектилердин көбөйүшү бирдиктүү тилдин жок болушуна алып келет. Тилдин турлөрү көп. Мында тил — аныкталуучу түшүнүктү атаган термин. Адамдардын өз ара пикир алышуу куралы — эң негизги өзөк түшүнүк. Формула түрүндө карасак төмөнкүдөй: Термин + өзөк түшүнүк + өзгөчө белгилери = аныктама.